Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 30-январдагы жыйынында 2016-жылкы республикалык бюджеттин аткарылышы талкууланууда. Республикалык бюджет боюнча 3 орган: Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2016-жылкы планды толук аткара албаганы белгилүү болду. Депутаттар буга нааразы.
Депутат Алтынбек Сулайманов ("Бир бол") өкмөт мүчөлөрү депутаттарга план толук аткарылат деп убада бергенин эскертти. "Салык кызматы пландын 93,6 пайызын, Бажы кызматы 91 пайызын, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 78,3 пайызын аткарыптыр. Бирок план толук аткарылат деп ушул жерден бизге айткансыңар. Планды кыскартып берсек да толтура албадыңар. Убагында Ахматбек Келдибеков 2 миллион 200 миң сом план толтура албаганы үчүн соттолгон. Ага тагылган беренелердин бири ушундай болчу. Азыр болсо өкмөт миллиарддаган суммада планды аткара албай жатса, эч ким жоопкерчиликке тартылбай жатат", - деди Сулайманов.
Каржы министри Адылбек Касымалиев жоопкерчиликти моюнуна алууга даяр экенин айтты. "10-февралда жылдын жыйынтыгын чыгаруу бүтөт. Ошого жараша күнөөлүү адамдарга административдик чаралар каралат", - деди министр.