Бүгүн, 30-январда Орусиянын Красноярск, Томск, Оренбург, Нижний Новгород, Ханты-Мансийск аймактарында эмгектенген кыргыз мигранттарынын атынан келген өкүлдөр "Семетей" мейманканасындагы авиакырсыктан жабыркагандарга жардам беришти. Алар жалпысынан 700 миң сом чогултушканын билдирди Орусия конгрессинин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Маматкадыр Ысмайылов.
Маалыматка ылайык, чогултулган каражат бүгүн Курулуш башкармалыгынын дачалары айылында каза болгондордун жакындарына жана ооруканада дарыланып жаткандарга таратылып берилмекчи.
Маматкадыр Ысмайыловдун айтымында, жакында Москва шаарынан кырсыктан жабыркагандарга чогулган 1 миллион сомдон ашуун каражат алынып келинет.
"Бөтөн жерде жүрсөк дагы, жүрөгүбүз кыргыз деп согот. Өлкөбүздөгү кайгыны угуп, мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша каражат чогулттук. Мындан ары ар бириңиздер кайраттуу болуңуздар", - дешкен өкүлдөр каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышты.