"Аккула" ат майданы мэриянын карамагына өттү

Бишкек шаарындагы “Аккула” ат майданы мэриянын карамагына 2017-жылдан тарта өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Гуля Алмамбетова SUPER.KG порталына бүгүн, 30-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, "Аккула" ат майданын мындан ары Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы көзөмөлдөйт.

Эскерте кетсек, ат майдан биринчи ирет 1995-жылы менчиктештирилип жана 57 гектар жери 814 миң сомго, экинчи ирет 2003-жылы 100 миң сомго сатылган.

Белгилей кетсек, улуттук маанидеги объекттерди менчиктештирүүгө мыйзам боюнча жол берилбейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Seryi-Kardinal
2017-01-30 12:30:34
Ушу ипподромду элге участокко бөлүп сатып, түшкөн акчага шаардын четине заманбап жаңысын салса жакшы болмок. Майрамдарда пробка да болбойт эле
+5
make2
2017-01-30 22:29:43
Seryi-Kardinal Эң туура айтың, бирок биздин чоңдор түшкөн акчаны хавайт этип эки ортодо ат майданы жок калабайбызбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан