Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2016-жылы аткарылышынын алдын ала жыйынтыктары талкууланды.
Отурумдун жүрүшүндө депутат Зиядин Жамалдинов ("Өнүгүү-Прогресс") "Жер-Үй" алтын кенин иштетүүгө укук берүүчү лицензияны сатуудан түшкөн 100 миллион доллар (болжол менен 6 миллиард сом) эмнеге жумшалганын сурады.
Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, "Жер-Үйдөн" түшкөн акчанын болжол менен 500 миллион сому Талас облусунун 3 районунун айыл өкмөттөрүн өнүктүрүү фондуларына бөлүнгөн. "Калган 4,6 миллиард сомдун 3,1 миллиард сому мектептерди курууга, 1,2 миллиард сому мектептерди оңдоого каралган. Быйыл 2,6 миллиард сому каржыланды, калганын быйыл каржылайбыз", - деди министр.
Каржы министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, "Жер-Үйдөн" түшкөн каражаттын 1 миллиард 410 миллион сому Балыкчы-Корумду унаа жолун курууга жумшалган.