Учурда токтоосуз чечимди талап кылган негизги милдеттердин бири кырсыктан жабыркагандарды турак жай менен камсыздоо жана алардын документтерин калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналарын биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматы, Билим берүү жана илим министрлиги кырсыктан жабыркаган жарандарга документтерин акысыз жана ыкчам тартипте алуусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттенишет. Мындан тышкары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине тийиштүү социалдык төлөмдөрдү жана жөлөк пулдарды дайындоо боюнча тапшырма берилген.
"Өлкөдө болуп өткөн кырсык жалпыбызга бирдей, ошондуктан биз жабыркагандарды өз көйгөйү менен калтырып койбойбуз. Мамлекет бардык тийиштүү жардамды көрсөтөт, бул – биздин милдет. Учурда жабыркагандарды турак жай менен камсыздоо маселеси чечилгиче, алар үчүн убактылуу жашоочу жай изделүүдө. Анын бир варианты катары Манас айылы каралууда, анткени балдар өз мектептеринде билим алуусун үзгүлтүксүз улантышы керек", - деген М.Абылгазиев.
"Семетей" мейманканасында жайгашкан жабыркагандар аталган сунушту колдоого алып, ушул чечим алар үчүн ыңгайлуу болорун билдиришкен.
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев маалымдагандай, ведомство кызматкерлери алгачкы күндөн тарта ар бир жабыркаган жарандын өздүгүн тактоо боюнча тийиштүү иштерди аткарууда жана бүгүнкү күнгө карата алардын көпчүлүгү өз паспортторун калыбына келтире алды.
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев дарыгерлер жана психологдор тарабынан тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү иши улантыларын билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин пункттарына калктан келип жаткан гуманитардык жардамдар 2017-жылдын 1-февралында аяктайт, 11-февралдан тартып гуманитардык жардамдар каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бөлүштүрүлөт. Ачык жана калыс бөлүштүрүү процессине жабыркагандар өздөрү, аксакалдар, жаштар жана башка тараптар тартылары маалым болду.