Үстүбүздөгү жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов президент Режеп Тайип Эрдогандын башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы бүгүн, 30-январда кабарлады.
Жолугушуунун алкагында саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-түрк мамилелери тууралуу сүйлөшүлүп, тараптар ар дайым жолугушууларды өткөрүшү зарыл экени белгиленди. Мындан сырткары Кыргыз Республикасына Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын ушул жылы келери тууралуу да сөз болгону маалымдалат. Ошондой эле эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.
Белгилей кетсек, Режеп Тайип Эрдоган буга чейин Кыргыз жергесине премьер-министр кезинде 2013-жылы келген.