Өлкөдө ВИЧ жугузган адамдардын саны 2 айда 117ге өстү

Үстүбүздөгү жылдын 1-январында Кыргыз жергесинде ВИЧ менен ооругандардын саны 7100гө жетти. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда "Сорос-Кыргызстан" фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы ВИЧке чалдыккан 712 адам аныкталган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, абал аймактарда начарлап жатат.

"ВИЧ тармагындагы эпидемиологиялык абал начарлап, 2020-жылы өлкөдө 20 миң учур катталып, 8 миң адам дарыланууга мүмкүнчүлүгү жок, алдын алуу программаларынын жоктугунан улам каза табышы мүмкүн. Дагы 20 миң оорукчан пайда болсо эмне болот? Бейтаптарга жылына дары-дармегине эле 4 миллион доллардай керек. Мамлекет азыр эле 1 миллион доллар бөлүп, алдын алса оңой болбойбу?" - деп жазылат фонддун маалыматында.

Эскерте кетсек, өлкөдө 2016-жылдын 1-ноябрына карата ВИЧ менен ооругандардын расмий көрсөткүчү 6983тү түзүп, анын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 6617ге барабар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bekiw.801
2017-01-30 15:43:11
Корунгон менен жатпагыла! Сойкуларга барбагыла! Наркотик колдонбогула! Доктурга барганда этият болгула! Түз жүргүлө!
+10
Atas
2017-01-30 16:41:00
bekiw.801,Туура 100 % Вич менен ооруган адам, эмнеге мен эле оорушум керек, башкалар деле оорусун деп таза жандардын убалына калат, кыскасы өзү каалайт ар кандай жолдор менен жугузууну, сак бололу кыргыз элим, алла бизди колдосун.
+5
DNurgiza
2017-01-30 15:47:24
кудай сактай көөр!
+2
MAN-CITY
2017-01-30 15:54:40
ВИЧ оорууларды карантин кылуу керек окмот тез арада, андай кылбаса бул оорууну токтотуш кыйын болот.
+6
BarsBaatyr
2017-01-30 16:36:47
Кудай сактааа!
+2
aliko78
2017-01-30 16:47:01
Кудай сактасын. Ото коркунучтуу суук кабар.
+4
tuigan.
2017-01-30 17:59:56
Алла сактасын эми баарыбызды
+3
Alibek-0001
2017-01-30 21:52:02
Ит куш мн эле жата бербегиле. Такыр эле эч ким жолобогула ошондо оорубайсынар. Азыр аябай сулуу кыздар ооруп жатышат ошолорго алданып калбагыла. Жашоонор тозокко айланат жугузуп алсанар!
+2
lady.girl7997
2017-01-31 01:29:02
Alibek-0001,сулуу кыздарга ошол сулуу балдар жугузат да. Негизи турмуш кураарда эки жаш анализ тапшырып, анан уйлонуулору керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан