Кыргыз Республикасында 2016-жылкы туристтик сезон начар болду. Бул тууралуу экономика министри Арзыбек Кожошев бүгүн, 30-январда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы талкууланган өкмөттүк жыйында билдирди.
"Өткөн жылдын жайкы туристтик сезону начар болду. Бул сезондун кыска болушуна байланыштуу. Туристтер 2015-жылга салыштырмалуу 12 пайызга аз болду. Көчмөндөр оюндары болбогондо мындан да аз болмок", - деди министр.
Белгилей кетсек, өкмөттө өлкөнүн 2016-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы талкууланууда.