"Жаш мугалимдер депозити" программасын жандандыруу зарыл экенин бүгүн, 30-январда өкмөттө вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө мугалимдер жетишсиз болууда.
"Жаш мугалимдерди тартуу максатында аталган программаны быйыл ишке ашыруу керек. Бул үчүн жергиликтүү бийлик дагы жардам берүүсү зарыл", - деди ал.
Белгилей кетсек, аталган депозит программасы жаш адистер үчүн атайын эсеп ачып, мамлекет тараптан кошумча каражат бөлүп берүүгө арналган. Аталган долбоор мамлекет 52 мугалимге декреттик өргүү боюнча 5 миллион сом карыз болгондуктан, 2016-жылы токтотулганын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирген.