Аалы Карашев Жогорку Кеңештин депутаты болду (өмүр баяны)

Аалы Карашев Жогорку Кеңештин депутаты болду. Тиешелүү чечимди бүгүн, 30-январда Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.

Буга чейин Нурмухаммат Баяхунов (КСДП) өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган. БШК бүгүн анын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту.

Аалы Карашев 1968-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Ак-Жар айылында төрөлгөн. 1986-жылы Кыргыз айыл чарба институтуна тапшырып, 1991-жылы зооинженер адистигин алып чыккан.

Эмгек жолун 1985-жылы Өзгөн районундагы "Тамеки" чарбасында каттоочу техник болуудан баштаган.
1986-1996-жылдары – Кыргыз айыл чарба институтунда студент, аспирант, ассистент;
1996-1998-жылдары – КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар ассоциациясынын башкы адиси;
1998-1998-жылдары – КРнын Жергиликтүү коомчулуктардын конгрессинин аппаратынын жетекчиси;
1998-1999-жылдары – КРнын Президентинин администрациясында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана агрардык саясат боюнча бөлүм башчынын орун басары;
1999-2000-жылдары – КРнын Президентинин администрациясында мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштери боюнча бөлүмүнүн агрардык саясат сектор жаатында эксперт;
2000-2006-жылдары – КРнын Президентинин администрациясында мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштери боюнча бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору;
2006-жылдын сентябрь айынан 2006-жылдын октябрь айына чейин – КРнын Президентинин администрациясында мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштер боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөсү;
2007-жылдын 13-ноябрынан 27 ноябрына чейин – КРнын Президентинин администрациясында мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы;
2007-2009-жылдары – Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы;
2009-2010-жылдары – Вице-премьер-министр – өкмөттүн аппарат жетекчиси;
2011-жылдын июль айынан 2011-жылдын декабрь айына чейин – КРнын Премьер-министринин кеңешчиси;
2011-жылдын 7-декабрынан 23-декабрына чейин – КРнын Президентинин Аппаратынын кадр иштери, мамлекеттик жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
2011-жылдын 23-декабрынан баштап – Биринчи вице-премьер-министр;
2012-жылдын 1-сентябрынан 6-сентябрына чейин – Премьер-министрдин милдетин аткаруучу;
2012-жылдын 10-сентябрынан 2015-жылдын май айына чейин – Мамлекеттик кадр кызматынын директору;
2015-жылдын 5-ноябрынан 2016-жылдын апрелине чейин – Биринчи вице-премьер-министр;
2016-жылдын 14-апрелинде президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан