Бүгүн, 30-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Февралда өлкөдө күйүүчү майдын баасы литрине 2-2,5 сомго арзандайт. Акыркы айларда Кыргыз жергесинде күйүүчү майлардын баасы стабилдүү түрдө өсүп келе жаткан. Баалардын арзандоосу Орусиядан Кыргыз жерине темир жол аркылуу товар ташуу тарифтери ылдыйлаганына байланыштуу күтүлүүдө.
Жазгы айдоо иштери учурунда өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды бирдей баада кармап турарын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди. Жазгы айдоо иштерине 100 миң тоннадай дизелдик күйүүчү май жана 26 миң тоннанын тегерегинде бензин керектелмекчи. Мамлекеттик антимонополдук агенттик күйүүчү-майлоочу майлардын баасын көзөмөлдөп, дыйкандарга керек маалда рынокто бааны каалагандай көтөрүүнүн алдын алуусу кажет.
Калкынын 65 пайызга жакыны айыл жергесинде жашаган Кыргыз өлкөсү өз алдынчалыкка жетишкен 25 жыл аралыгында айыл чарбасын өнүктүрө албай, жер иштетүү боюнча тажрыйбасы мол коңшу жайгашкан Казакстан, Өзбекстан, андан аркы Орусия, Беларусь, Украина өңдүү өлкөлөрдө өндүрүлгөн товарды керектөөчү катары күн кечирип келе жатат. 25 жыл аралыгында Кыргыз Республикасы Казакстан менен Орусияга товар эмес, көпчүлүк учурда эмгекке жарамдуу калкынын кара күчүн экспорттоп келди. Бийлик өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү менен бул көрүнүш өзгөрөрүн, Казакстан, Орусия, Беларусь, Армениядан турган биримдиктеги көп миллиондук керектөөчүлөр рыногу ачыларын убада кылган. Республиканын ЕАЭБге толук кандуу мүчө болгонуна 2 жылга жакындады. Бирок кыргыз дыйкандары менен фермерлерине көп миллиондук керектөөчүсү бар рыноктогу атаандаштыкка ыңгайлашуу үчүн мамлекет тарабынан көмөк берүүчү программалар ишке ашпай жатат. Дал ушундай максатта түптөлгөн Кыргыз-орусиялык өнүктүрүү фондунун эмне иштерди аткарып, кандай жыйынтыкка жетишкенинен кабар жок. Коомчулукка аталган фонддун жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун 15 миң доллар айлык алары гана белгилүү. Фонддун эл аралык статуска ээ экенине таяп, Кулматов Жогорку Кеңештин депутаттарына элементардык отчёт берүүгө басып келбейт...
Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн массалык маалымат каражаттарына кабар таратып, республикадагы мектептерге көзөмөл-өткөрүү системи ишке киргизилип, чоочун адамдарды киргизүүгө тыюу салынарын кабарлады. Коопсуздук кызматын жалдоого мүмкүнчүлүгү жок мектептерде мугалим жана мекеме кызматкерлеринин арасында нөөмөт уюштурулат. Ошондой эле мындан ары мектептерде сабак учурунда окуучуларды мектеп боюнча жумуштарга, окуу планынан тышкаркы иш-чараларга катыштырууга тыюу салынды. Муну менен айыл жергесинде класс жетекчилердин окуучуларга талаа иштерин жасатуу, курулуш иштерин жасатуу өңдүү адаттары тыйылышы шарт. Министрликтин чечиминде мугалим-окуучу-ата-эне байланышы күчөтүлсүн деген дагы талап жүрөт. Башкача айтканда, класс жетекчиде окуучу тууралуу так маалымат болушу шарт. Жашаган дареги, ата-энесинин байланыш телефондору жана ата-энелер комитети менен тыгыз байланыш. Ата-энелер чогулушунда милдеттүү түрдө ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу сөз болуп, анда баланын саат 22:00дөн кийин көчөдө жүрүшү боюнча ата-энелердин мыйзам алдында жоопкерчилиги түшүндүрүлсүн деген да талап коюлду. Билим берүү жана илим министрлигинин түздөн-түз милдети болгон мектептердеги тартипти көзөмөлгө алуусу үчүн ошентип эрезеге жете элек балдардын камакка алынуусу, бойго жете элек балдардын өлүмү керек болду...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага карата козголгон кылмыш ишине тергөө жүргүзүүдө. Аталган кылмыш ишин Башкы прокуратура козгоп, жаңы Баш мыйзамдын тартиби боюнча тергөөнү УКМКга өткөрүп берген. Абдил Сегизбаев баш болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында аткарылышы кыйын болгон тапшырма турат. Комитет алгач бүткүл республикага жана өлкө башчысына оперативдик маалыматтарды жарыялап, ал мамлекеттик ММКлар аркылуу такталган факты катары таратылып, “Ата Мекен” партиясынын көрүнүктүү 3 өкүлүн жаманатты кылууга жем таштады. Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Мегакомдун” 51 пайыздык акцияларын улутташтырбай, Максим Бакиевге өткөрүп берүүгө аракет кылышкан. УКМК менен Башкы прокуратура коюп жаткан айыптын кыскача маңызы ушундай. Азырынча айыптоочу тарапта Аида Саляновага карата гана илинчек бар. Ал - Салянова юстиция министри кезинде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартышы. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев эртең Жогорку Кеңеште маалымат жыйынын өткөрө тургандыгы жарыяланды. Башкы “ата мекенчи” Белизден келген документтер аркылуу бул ишке чекит коёрун айтууда...