Дубайдагы 5 жылдыздуу мейманканалардын катарына кирген "Waldorf Astoria Dubai Palm Jumeirah" аттуу мейманкананын администрациясы Орусиянын фотомоделдерине нааразычылыгын билдирди. Алар Орусиянын моделдери жарым жылаңач болуп түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармактарга аталган мейманкананы белгилеп жүктөгөнүнө нааразы.
"Бизге үй-бүлөсү, балдары менен келген эс алуучулардын көпчүлүгү нааразычылыктарын билдирип жатышат. Жарым жылаңач кыздардын эротикалык позада түшкөн сүрөттөрүнүн алдында биздин мейманкана хештег менен белгиленип турушун каалабайбыз. Бул нерсе биздин имиджди түшүрүп жатат", - деп басылмалардын биринде билдирүү жасашкан.
Ачык сүрөттөрүн жарыялаган орус фотомоделдеринин сап башында актриса Анна Калашникова, ырчы Тиматинин мурдагы сүйлөшкөн кызы Алёна Шишкова, Виктория Боня, Алина Лобачёва, Даша Март жана башкалар бар.
Белгилей кетсек, мейманкананын 1 номери бери дегенде 1170 долларга жакын турат.