СУПЕРСТАН: "Өткөөл куракта жасаган шумдуктуу окуялар"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өткөөл куракта жасаган шумдуктуу окуялар" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"9-класс кезимде менде да болгон. Ата-энем ажырашып кетишкен, таенемдин үйүндө турчубуз. Көр турмуштун айынан апам бизди көп урушуп, жетим деп таенемдер да көп айтчу болушту. "Жетим" деген сөздү уккан сайын эч иш кылгым келчү эмес. "Булар баары бир мени жаман көрүшөт" деп бир күнү венамды кесмей болдум. Акырын бир тилсем аябай ачышты, "кой, башка күнү өлөм" деп коём ачышканына чыдабай".

"Мен бир кыз үчүн баарына даяр элем, досторум, бир туугандарымдан деле жогору көрүп алган экенмин. Ал кыз же менин сүйүүмдү баалап койсочу. Тоготпогондой үстүмдөн күлүп койчу, адамдын жанын кашайтып. Азыр эстеп алып күлкүм келет, бир кыз үчүн ушунча жиндиликке бардым беле деп".

"Өткөөл курак өтө назик жана баланын келечегине чоң таасирин тийгизет. Бул куракта ата-энелер этияттык, түшүнүү менен мамиле кылуусу керек. Ушул убакта көп жаман адаттарды (тамеки чегүү, спирттик ичимдиктерди ичүү жана башка) үйрөнүшөт. Эгер ата-эне менен мугалим тыгыз байланышта болсо, мындай жаман окуялардын алдын алар беле деген ой".

"Бир окуяны айтышып уу-дуу болушкан. 9-класстын кызы кичирээк класстагы кызды өлтүрүп коюптур, сөйкөсүнө кызыгып. Укканда аябай таң калганбыз".

"Тобо кылдым, илгеркилер "переходный возраст" эмне экенин билбей эле чоңоюшуптур".

"Анда 15 жашта болсом керек эле. Бир күнү агам түнү мени аябай сабаган. Түнү менен ыйлап, эртең менен күзгүдөн өзүмдү өзүм тааныбай калгам. Көздөрүм шишип, ачылбай калыптыр. Мектепке баратып "экинчи келбейм бул үйгө" деп чыгып кеткем. Мектепте да көңүлсүз жүргөм. Ошондо менде бир эле ой болгон, өлүм деген. Айылыбызда шар аккан суу бар. Ал жерге өзүн таштаган адам тирүү чыкпайт. Ошол жакка бет алдым. Кетип баратам ыйлап коюп. Ошондо алдымдан досум чыгып калган. Ал мени издеп жүргөн экен, мени үйүнө алып барган. Ошондо ал жолукпаганда азыр мен жок болот белем, билбейм..."

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан