Мындан 106 жыл мурун, 1911-жылы 31-январда болгариялык элдик дарыгер, атактуу көзү ачык Ванга (толук аты-жөнү - Вангелия Пандева-Гуштерова) Болгарияда кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 3 жашка чыкканда энеси каза болот, 12 жашка толо элегинде дагы бир чоң кырсыкка кабылат: катуу шамал болуп, куюндун чок ортосунда калган Ванганын көзүнө топурак кирип, көзүнөн жаракат алат. Үй-бүлөсү аябай жакыр тургандыктан аны дарыгерге көрсөтүү шарты да болгон эмес. Натыйжада Ванга азиз болуп калат.
Болгар окумуштуусу Георгий Лазанов Ванганын феноменин чейрек кылымдан бери иликтеп жүрүп, анын 7 миңден ашуун алдын ала айткандарынын жүзөгө ашкандыгын белгилеген. Ванга айткандардын кокусунан дал келип калуусу 80 пайыздан жогору экен деген жыйынтыкка келген. Сталиндин өлөрүнө жарым жыл калганда да анын көз жумарын алдын ала айткан. Анысы үчүн дароо эле түрмөгө камалат, бирок жарым жылдан кийин чындап эле Сталин каза болгондо Ванганы кайра боштондукка чыккан.
31-январга карата жылнаама.