Боинг кырсыгы: Муфтият курман болгондордун жакындарына 10 күн ичинде 4 миллион сомго жакын каражат чогултту

Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгы 3 885 468 сом көлөмүндөгү акча каражатын чогултуп, Боинг кырсыгынан курман болгондордун жакындарына тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-январда муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен өлкө аймагындагы мечиттерде учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында атайын кутучалар коюлуп, андан 3 885 468 сомдук жардам чогултулган. Ал эми муфтияттын түзүмүндөгү 166 дин кызматкери 1 күндүк эмгек акылары болгон 105 700 сомду Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ачылган эсепке которуп берген.
"Бүгүн, 30-январда муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов кырсыктан көз жумгандардын жакындары менен жолугушуп, чогултулган 3 885 468 сом акча каражатын жардам катарында таратышты. Муфтият тарабынан түзүлгөн комиссиянын чечими менен курман болгондордун ар бирине 100 миң сомдон акча каражаты каралса, ооруканада жаткандарга 20 миң сомдон берүү чечилген", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Москва шаарындагы Кыргыз жарандары тарабынан чогултулган 400 миң рубль акча каражаты курман болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга таратылып берилди.
Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жердеги Аэрофлот дачалык тилкесине Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, 39 адамдын өмүрүн алды. Факт боюнча Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМК менен ИИМ иликтөө жүргүзүүдө. Кырсыктын себептерин Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтеп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Munar8625
2017-01-30 23:05:47
Аллах раазы болсун Мусулман бир туугандар
+7
Kg.arts.
2017-01-31 00:26:07
Менин козумдон коп жылдардан бери жаш ага элек болчуу. Озумду таш боор элестетчуумун. Ушул эки жалгыз калган жаш балдардын суротум корсом эле козумдон жаш ага берет.
+4
isnur93
2017-01-31 11:20:44
Kg.arts.,менда ушул Жакшылыкты корсом журогум эзилип кетет..эх аллахым ушулардан жакшылыгын аябасан экен,ата-энесин калган омурун ушуларга берсен экен.
+2
salimbek87.kg
2017-01-31 00:30:34
Аллах разы болсун .Эх кана Эми министирликте эсебиндеги чогулган канча акча баарын эл алдында берсе.Кичинекей эки баланы коруп боорум ооруп кетти эх жашоо.
+3
Tariel0787
2017-01-31 01:53:44
Аллах разы болсун
+3
semo
2017-01-31 07:15:17
Аллах ыраазы болсун
+1
adilet17
2017-01-31 07:53:19
Аллах раазы болсун.
+1
bekiw.801
2017-01-31 08:15:44
Аллах ыраазы болсун! Бекеринен кыргызда айтылган эмес "Көп түкүрсө көл болот" деп.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан