"Милиционерлер кримчөйрө менен бириккен учурлар бар" дейт вице-премьер-министр

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 30-январда өкмөттүн 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктарын караган жыйынында 2016-жылга укук коргоону чыңдоо жана өнүктүрүү иши боюнча жана чек ара аймагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү коомдук-саясий кырдаал жөнүндө маалымат берди.

Вице-премьер-министр маалымдагандай, өткөн жылы укук коргоо органдар тутумун реформалоо алкагында бир катар маанилүү иш-чаралар аткарылган.

Жеңиш Разаков өлкөдө коомдук-саясий абал турукташып калганын, кылмыштардын саны 27 481ди түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 1619 фактыга кыскарганын билдирди. Вице-премьер-министр уюшкан кылмыштуулук боюнча күрөшүүнү күчөтүү зарылдыгын айтты. Ал укук коргоо органдарынын кримчөйрө менен бириккен учурлары бар экенин жана андайга жол бербей, катуу чараларды көрүү керектигин эскертти.

Ошондой эле Жеңиш Разаков терроризм жана диний экстремизмге каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүнө да токтолду.

2016-жылы УКМКнын бөлүмдөрү 24 террордук жана 27 диний экстремисттик топтордун ишин аныктады. Алардын ичинен 15 террордук жана 27 диний экстремисттик топтун иши токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан