Өкмөт: "Кыргыз-Өзбек чек арасынын 49 тилкеси такталды"

Өткөн жылы өлкөдө коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин өнүктүрүү боюнча кызматташуу иштери активдүү болду. Бул тууралуу өкмөттүн 30-январдагы жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков билдирди.

Маалым болгондой, мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Өзбек жана Кыргыз-Тажик өкмөттүк делегацияларынын иши жаңырып, кайра активдешти.

Аталган иштин натыйжасы боюнча, жалпы узундугу 236 чакырым болгон Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасынын 49 тилкеси такталды. Кыргыз-Тажик биргелешкен мамлекеттик чек арасынын жалпы узундугунан (970,8 чакырым) Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйындарында каралганы жана бекитилгени 520 чакырымга жакын саналат.

Вице-премьер-министр үстүбүздөгү жылы аталган багыттагы иштер улантыларын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
salimbek87.kg
2017-01-31 09:09:46
Жакшы жанылык баары такталса жакшы болот эле.
+4
arena2014
2017-01-31 09:29:15
Январдын ортолоруна баары чечилет дегендей болду элего? Эми устундогу жылга отуптур)))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан