Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев президенттик команда менен "ата мекенчи" депутаттардын ортосундагы тиреш катардагы окуя эместигин айтты.
"Журналисттер менен өлкөнү өнүктүрүү сыяктуу маанилүү маселелер жөнүндө сүйлөшсөк болмок, бирок бүгүнкү маалымат жыйындын күн тартибин биз аныктаганыбыз жок. Бизге карата жалган жалаа жабуу аракети токтобой жатат. Бүгүнкү маалымат жыйыны жеке маселе эмес. Өлкө кайрадан авторитаризмге келбейби деген чоң маселенин бир бөлүгү. Айрымдар бүгүнкү күрөштү бири-бирин чукулоо деп жатышат, андай эмес. Күрөш фундаменталдык баалуулуктар жөнүндө болуп жатат", - деди Текебаев.
Депутат "Белизгейт" деп аталган окуя кантип башталганын башынан баштап баяндоодо.
Белгилей кетсек, учурда Өмүрбек Текебаев өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу маалымат берип жатат.