Нарын облусунда мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Үстүбүздөгү жылдын 27-январь күнү Бишкек-Торугарт жолунда шектүү унаа токтотулуп, ичинен уй табылган. Айдоочуда уйга тиешелүү эч кандай документтер болгон эмес. Тактай келгенде ал уй Миң-Булак айылынын тургунуна таандык экени белгилүү болгон. Аны 43 жаштагы Д.М., 39 жаштагы Г.И. жана 36 жаштагы Ш.Ш. уурдап чыгышып, Токмоктогу мал базарга сатуу үчүн алып баратышкан.
"Жогорудагы кылмыштуу топ жалпы 25 мал уурулук фактысына шектелүүдө. Алар уурдап саткан мал Токмок шаарынын жана Ивановка айылынын тургундарынын үйлөрүнөн табылган. Учурда кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.