Бишкекте 58 жаштагы тургундун сөйкөсүн кулагынан жулуп алган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 1958-жылы туулган К.Б. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 25-январь күнү саат 10:30 чамасында Нургүл аттуу таанышы ур-токмокко алып, кулагындагы сөйкөсүн ачык түрдө жулуп алган. Бул кылмышка шектүү катары 55 жаштагы Т.Н. кармалган. Учурда ал тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.