Сапар Исаков президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, буга чейин аталган кызматты Аалы Карашев ээлеген. Кечээ Карашев Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Исаков Сапар Жумакадырович 1977-жылдын 29-июлунда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1999-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. "Кыргыз Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси" дипломатиялык рангы бар.
Эмгек жолу:
1999-2003-жылдары - Кыргызстан Эл аралык университетинде окутуучу;
2003-2007-жылдары - атташе, 3-катчы, 2-катчы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин бөлүм башчысы;
04.2007-08.2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
08.2007-10.2009-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы;
10.2009-04.2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин коммуникациялар кызматынын жетекчиси;
04.05.2010-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы;
02.08.2010-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
29.12.2010-12.2011-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы – тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
2011-жылдын 7-декабрынан тарта 2017-жылдын 31-январына чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басарынын рангында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.