2017-жылы өлкөдө 327 социалдык объекттин курулушу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымат жыйынында билдирди.
“800дөн ашык бүтпөгөн социалдык объекттер бар. Жаңы объекттерди курууну планга киргизбей, быйыл ошол бүтпөгөн 800 курулуштун 327 объектисин бүтүрөбүз деп чечтик. 249 объект республикалык бюджеттен, ал эми 78 объект “Жер-Үй" ишканасынын лицензиясын сатуудагы каражаттан каржыланат. Жалпы 9 миллиард 485 миллион сом керектелет. Белгилеп кетчү жагдай, бул жөн гана биздин планыбыз. Жакынкы күндөрү бул маселе өкмөттө каралат. Ошондой эле Каржы министрлиги тарабынан канча каражат бөлүнүп бериле тургандыгы аныкталат”, - деди Абдиев.