Авиакырсыктан жабыркагандардын 10у ооруканаларда дарыланып жатышат

16-январда болгон авиакырсыктан жабыркагандардын 10у Бишкек шаарынын ооруканаларында дарыланып жатышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук госпиталында 1, Бишкек илимий-изилдөө травматология жана ортопедия борборунда 3, Курортология жана ден соолукту калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунда 4, Республикалык психикалык ден соолук борборунда 2 адам дарыланууда.

"Бейтаптардын абалы канааттандырарлык, медициналык жардам толугу менен көрсөтүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан