"19 жаштагы кызды зордуктаган" деп шектелип 5 жаран кармалды
Бишкек шаарында 19 жаштагы кызды зордуктоо кылмышына
шектелип 5 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы
билдирди. Маалыматка ылайык, 21-апрель күнү Бишкек шаарындагы “Ата-Түрк” сейил
багында 19 жаштагы Мээрим аттуу кыз 20-25 жаштардагы белгисиз адамдар
тарабынан зордукталган. Ошондой
эле кылмышкерлер жабырлануучунун уюлдук телефонун тартып алышкан. Аталган окуя боюнча түшкөн арыздын негизинде Октябрь
райондук ИИБи тарабынан 5 жаран кармалды. Алардын
төртөө Талас облусунун 17 жаштагы Т.Нурлан жана А.Нурсултан, 19 жаштагы С.Медер жана Э.Жамалбек аттуу жарандары экендиги белгилүү болду. Ал эми бир жаран Жалал-Абад облусунун 19 жаштагы
А.Нурталды аттуу тургуну болгон. Учурда кармалгандар Бишкек ШИИБинин убактылуу
кармоочу жайына камалып, кылмыш иши козголду.