Өмүрбек Текебаев: "Президенттик шайлоого катышар-катышпасымды чече элекмин"

Өмүрбек Текебаев 2017-жылкы президенттик шайлоого катышар-катышпасын чече элек. Бул тууралуу депутат бүгүн, 31-январда журналисттер менен жолугушууда билдирди.

"Мен жарышка катышарымды же катышпасымды чече элекмин. Бирок бир нерсени белгилегим келет: шайлоо адилеттүү өтүшү керек. Кийинки президент Атамбаевге берилген, ага байланышы бар адам болбошу зарыл. Президент мураскер даярдабашы керек, даярдаса, анда бул шайлоо эмес, дайындоо болуп калат. Эгерде шайлоо атаандаштыкка шарт түзүү менен адилеттүү өтсө, мен муну бүгүнкү башкаруу системинин автору катары менин жеңишим деп билем", - деди Текебаев.

Белгилей кетсек, келерки президенттик шайлоо 2017-жылдын күз айларында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан