Кочкор районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды

Кочкор районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-январь күнү милицияга Кочкор районунун Теңдик айылына караштуу Боз-Бекет тилкесинин 46 жаштагы жашоочусу Ч.У. арыз менен кайрылган. Арызда 30-январга караган түнү 2 уюн белгисиз адамдар уурдап кетишкени айтылат.

Ошол эле күнү 50 жаштагы М.Мнын короосунан 2 уй уурдалган. Бул уурулук фактыларына шектүү катары Теңдик айылынын 29 жаштагы тургуну Б.А. кармалган. Учурда ал кылган ишин толук мойнуна алып, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ErnestTasma
2017-01-31 14:57:08
Оо жаратканым. Кыргыз элиме ыйман, ынсап бере кор!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан