Мындан 93 жыл мурун, 1924-жылы 31-январда Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун биринчи Конституциясы кабыл алынган. Ал эки бөлүктөн - Советтер Союзунун түзүлгөндүгү тууралуу декларация жана келишимден турган. Бул Конституцияга ылайык, СССРге Орусия, Украина, Беларусь, Закавказье, Азербайжан, Грузия жана Армения кирген. Ошондой эле Союздун Эл комиссарлар кеңешинин, Борбордук аткаруу комитетинин, анын Президиумунун декреттери жана токтомдору союздук республикаларда колдонулган тилдерде (орус, украин, беларусь, грузин, армян, азербайжан) басылып чыгууга милдеттүү болгон.
Ошол учурда азыркы Кыргыз мамлекетинин, Казакстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын аймактары Түркстан Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы деп аталып, Орусиянын курамына кирген.
СССРдин кийинки Конституциясы Иосиф Сталиндин бийлиги учурунда, 1936-жылы бекитилген.
31-январга карата жылнаама.