Тогуз-Торо районунун тургуну "жардыргыч заттарды мыйзамсыз алып жүргөн" деген шек менен кармалды

Тогуз-Торо районунун тургуну "жардыргыч заттарды мыйзамсыз алып жүргөн" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1980-жылы туулган К.А. 28-январь күнү УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын жанынан жалпы салмагы 42 килограмм аммонит, 50 капсюль-детонатору жана 6 шнур алынган. Учурда ал адамдын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан