Жайыл районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Жайыл районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 16-январда Чүй облусуна караштуу Москва районунун 46 жаштагы М.А. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 2014-жылы Кара-Балта шаарында У.А. аттуу жаран арыз ээсинин ишеничине кирип, Мерседес-Бенц жана Инфинити үлгүсүндөгү автоунааларын алдап алып, ошол боюнча дайынсыз экени айтылган. Бул факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип мурда соттолгон 42 жаштагы У.А. деген жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жайыл РИИБи аталган жарандан жабыркагандардан төмөндөгү номурларга байланышып коюуну суранат: (0312) 22-15-58, (0701) 02-21-01.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан