Мындан 8 жыл мурун, 2009-жылы 31-январда Орусия Федерациясынын курамындагы Коми Республикасынын Корткерос районуна караштуу Подъельск айылындагы карылар үйүндө өрт чыккан. Жыйынтыгында имараттагы 26 адамдын 23ү курман болгон. 3 адам терезеден секирип түшүп, аман калган. Өрт өчүрүлбөй ташталган чылымдан улам келип чыккандыгы аныкталган.
31-январга карата жылнаама.