Өкмөттө 31-январда Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Кыргыз жеринде 2017-жыл – Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланган. Ага ылайык, өкмөткө бир катар иштер жүктөлгөнү айтылды. Алар:
- Кыргыз Республикасынын элинин руханий жана адеп баалуулуктары менен алдынкы дүйнө таанымды айкалыштырган жаранды өстүрүүдө мамлекеттин жана коомдун күч-аракеттерин координациялоо.
- Ар бир баланын таланты менен шык-жөндөмүн ачуунун жана өстүрүүнүн натыйжалуу системин түзүү, заманбап билим берүү, жаштар, демография, маданият жана дин саясатын калыптандыруу.
- Жүрүм-турум жана укуктук маданияттын, өз ара урмат-сыйдын, көмөктөшүүнүн жана жарандык тилектештиктин өрнөктөрүн жайылтуу.
Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков быйылкы жылга карата 20 ашык иш-чара камтылган план долбоорун сунуштады. Жыйынтыгында планды каржылоо булактарын тактап, документти толуктап иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
