Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги кичинекей балдардын жана өспүрүмдөрдүн өмүрүнө коркунуч жараткан социалдык тармактардагы "Тихий дом" оюнунан улам укук коргоо органдарына кайрылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 31-январда кабарлады.
Министрлик райондук жана шаардык башкармалыктарга мектептен тышкары окуучулар жана алардын ата-энелери менен иштешүүнү колго алуу тапшырмасын берди. Окуучулар колдонуп жүргөн сайттарды жана социалдык тармактарды көзөмөлдөө боюнча ата-энелерге жыйналыш өткөрүү керектиги жазылат маалыматта.
"Балдардын ден соолугуна психологиялык жана физиологиялык зыян берүүчү компьютердик оюндар боюнча алдын алуу боюнча иштерди өткөрүү зарыл", - деп жазылган маалыматта.