КҮНСЕРЕП: Сапардын "чоң сапары" башталды

Бүгүн, 31-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Ак үйдүн 7-кабатында кадрдык жылышуулар орун алды. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадры Сапар Исаков бүгүн президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Аталган кызматтык орун бир күн гана бош турду. Кечээ депутаттык мандат алып Жогорку Кеңешке келген Аалы Карашевдин орун алмаштыруусу парламенттеги КСДП фракциясын күчтөндүрүү үчүн болду деген пикирлер басымдуу айтылса, бүгүн жаңы дайындоо буйругунан кийин Аалы Карашев атайын Сапар Исаковго орун бошотуп бердиби деген ойлор интернетте көп жазылууда. Быйыл 40 жашка чыга турган Сапар Исаковдун өзүнө токтолсок, 2011-жылдан бери бир кызматта эмгек кылып, тагыраагы, президенттин аппаратында тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келди. Минтип президенттик шайлоо жакындаган сайын мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин командасында да шахмат оюнундагыдай жүрүштөр активдүү башталды. “Мураскер болбойт” деп көп жолу айтылганына карабастан, социал-демократтар шайлоого кимди талапкер катары алып чыгары дале бүдөмүк болуп жатканы көшөгө артында күрөш жүрүп жатканын гана көрсөтөт. Сапар Исаков “Супер-Инфого” берген маегинде Алмазбек Атамбаев менен 2007-жылы таанышканын жана ага себепчи маркум Медет Садыркулов болгонун айткан. Андан бери 10 жыл өтүп, бул аралыкта Германиянын канцлери Ангела Меркелге тааныштырууда айтылгандай ажонун “оң колуна” айланды. Исаков бийлик көрсөтө турган талапкерлердин ичинен фавориттеринин бир варианты болушу мүмкүн. Эми алты жылдан бери өзгөрө элек резюмедеги жаңы дайындоого саясат, бизнес элитанын жана коомдун пикирин билүү калды...

Бир апта мурун анонсу жарыяланган Өмүрбек Текебаевдин маалымат жыйыны болуп өттү. Негизинде Белиз боюнча чууга чекит коюлмак, бирокСалянова бүгүн камалышы мүмкүн” деген сөз айтылганда документтер унутулуп, мурдагы башкы прокурорго байланыштуу кабар заматта башкы жаңылыкка айланды. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин айтымында, депутат Аида Салянова УКМКга айыпталуучу катары тергөөгө чакырылган. Кийинчерээк Салянова "бүгүн УКМКга барбайм" деп билдирди. “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши өткөн жылдын аягында козголгон. Эске салсак, бул иш Максим Бакиевдин жакын адамдарынын бири болгон Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу боюнча ачылган.

Ал эми Белизге келсек, Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун оффшордук компания аркылуу “Мегакомдун” акцияларына тиешеси бар-жоктугун тастыктоочу жооп катары келген документтерди башкы “ата мекенчи” көрсөттү. Үч депутат жиберген суроого Белиздеги «Саутфилд» компаниясы каттоо шарты боюнча маалыматты анын кожоюндары жана акционерлери гана ала алышарын айтып жооп жиберген. Башкача айтканда, аты аталган 3 депутаттын суроосуна “силер компаниянын бенефициары, акционери болбогондуктан, компания тууралуу силерге маалыматтарды бере албайбыз” деген мааниде жооп келген. Мындай жооп 3 депутаттын “Саутфилдге” тиешеси жоктугун далилдейт. Кезек УКМКда. Мамлекет башчынын “эгерде жасалма документ көрсөткөн болсо, анда Сегизбаев креслосу менен жооп берет” деп айтканы бар. Сегизбаев креслосу менен жооп береби же анын конторасына чакыруу алган Салянова камалабы? Жооптору көпкө күттүрбөй турган чекте...

Өлкөдө 192 мектептин курулушу бир канча жылдан бери аягына чыкпай келе жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева айтты. Арасында тээ 2003-жылы башталып, аягында президенттин кийлигишүүсү менен гана 11 жылдан кийин курулушу бүткөн мектептер да бар. Билим уясынын шарты ушундай болуп жатса, анда окугандардын билими да көңүл жылытпайт. Айрым аймактардагы бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестирлөөдөн босоголук чек катары эсептелген 110 баллды да ала албай жатышат. Ансыз жогорку окуу жайга тапшыруу мүмкүн эмес. Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын айтымында, Өзгөн, Кызыл-Суу, Араван, Сузак, Чоң-Алай, Тоң жана башка райондордогу бүтүрүүчүлөрдүн көрсөткүчү эң төмөн. Акыркы эки аптада бычакташууга чейин жеткен окуучулардын мушташы бул жаатта да мектеп администрацияларынын иш көрсөткүчтөрү начардыгын даана көрсөтөт. “Бечелге жөтөлдүн кереги жок” деген абалда турганда, эми минтип коңшу өлкөлөрдөгү өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга үндөгөн оюн Кыргыз жерине жетти. Коңгуроо кага баштаган активисттер үйүндө өспүрүм барларга алардын социалдык тармактагы баракчаларына, анда жазылган хештегдерге көңүл бурууга чакырышат. Өлкөбүздө ата-энеси Орусия, Казакстан же дагы башка чет өлкөдө иштеген, жакын туугандарынын карамагына ташталып, кыйратып каралбаган балдар көп. Мектептин абалы менен билимдин деңгээлин жогорулатууга өкмөттүн чамасы чектелүү болуп турганда өлүмгө чакырган оюн дагы бир баш ооруга айланары бышык. Балким, мектепте бардык шарттар жетиштүү болуп, сабакка болгон талап жана кызыгуу күчөсө, окуучулардын интернетке болгон убактысы да чектелүү болмок...

“Freedom house” Кыргыз өлкөсүн автократиялык өлкөлөрдүн тобуна кошту. Укук коргоо боюнча эл аралык уюм өзүнүн жыл сайын жасалуучу докладында Кыргыз мамлекетинде өткөн жылы экономикалык жана саясий туруктуулук жок болуп турган шартта бийликти бекемдөөгө багытталган кадамдар жасалды деп жарыялады. Автократиялык өлкөлөрдүн катарында Азербайжан менен Тажикстан да бар. Эске салсак, аталган уюм 2015-жылы Кыргыз мамлекетин Борбор Азиядагы эң демократиялык өлкө деп тааныган. Бир жылдын ичинде позициянын өзгөрүүсү дагы кандай рейтингдерге өзгөртүү киргизери жана анын эл аралык масштабда өлкөгө кандай кесепет алып келери жакынкы күндөрү билине баштайт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан