ИИМ: "Кыргыз мамлекетинде интернеттин айынан өз өмүрүнө кол салган бир дагы факт катталган жок"

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам бөлүмдөрүнүн кызматкерлери учурдагы абалды көзөмөлдөп жатышат. Бул тууралуу 31-январда министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

"Кыргыз өлкөсүнө интернет аркылуу өлүмгө тартуу оюну Орусиядан келди. Белгилүү болгондой, орусиялык интернет ааламында өспүрүмдөрдү өлүмгө үндөгөн виртуалдуу оюндар жайылган. Өзүн өзү өлтүрүү боюнча бир нече факт катталган соң өлүмгө чакырган "топтун" администратору кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Шектүү сайттарга байкоо жүргүзүүдөн тышкары Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспекциясынын алдына билим берүү мекемелеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси коюлган.

"ИИМ жарандардын жазышуусун толугу менен көзөмөлдөй албайт, себеби ар бир аккаунтка кирүү мүмкүн эмес. Интернеттин айынан бир да адам өзүнүн өмүрүнө кол сала элек. Мындай окуялардын алдын алуу боюнча иш жүргүзүү ИИМге гана тиешелүү эмес. Бул маселе боюнча бейөкмөт уюмдар, Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана башка социалдык кызматтар иш алып барышы керек. Мектептерде жогорку окуу жайларда тарбиялык иш-чараларды уюштуруу зарыл. Ошол эле учурда ата-эненин кыраакылыгы да чоң роль ойнойт", - деп жазылат маалыматта.

Интернет айдыңында өспүрүмдөрдү өлүмгө түрткөн виртуалдуу оюндардын жайылышы көзөмөлгө алынарын билдирди ИИМ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
gulzar_gulu
2017-01-31 19:23:24
Бизге боло берет. Беш-алты өспүрүм каза болгондон кийин, жакшылап ойлонуп анан жабабыз.
+9
abusait
2017-01-31 19:52:59
gulzar_gulu, кошулам сизге. Созсуз бир кырсык болгондо ойлонушабы? Алдын алыш керек ...
+7
Nur1k
2017-01-31 20:31:43
Оба каза болгучанды шашпай кутуп тургула
+7
Kakaly
2017-01-31 20:38:14
Биз козомолдой албайбыз деп озулорунон алыстатып жатышканын. Атасы байды жамандап койсо ошол эле минута да кармайсынар ИИМ болбой калдынар
+10
Seiil.94
2017-01-31 20:52:13
Интернеттин 99пр.ти жалган
-6
Bubu88
2017-01-31 21:22:12
Бул дагы эмне деген шумдук
-1
marbetai92
2017-01-31 22:46:55
Кадамжайдагы Тоодон боюн таштап олгон кыздын олуму ушул оюнга дал келип атат.
+5
azamat.k
2017-01-31 23:35:46
marbetai92,мен дагы негедир ошентип ойлоп жаткам. Себебсиз эле тоодон секирип жиберген. Ошону текшериш керек экен ИИМ.
+5
maks83
2017-02-01 20:37:23
кече жок дединер эле бугун олду 2окуучу.
0
Fari-1992
2017-02-01 23:14:54
Мына эми башташты иликтеп ХХХ
0
admin_portal
2017-02-02 09:18:15
Fari-1992, этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан