УКМК контрабандалык жол менен ташылып бара жаткан 47500 куту тамекини колго түшүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Айтылгандай, Баткен облусунун аймагынан 2 автоунаа кармалып, текшерүү жүргүзгөндө ичинен Тажикстандын аксиздик маркалары чапталган, болжол менен 700 миң сомдук тамеки өндүрүмү табылган. Тажикстандан Баткен аймагына киргизилген товардын тийиштүү документтери жок болуп чыккан. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 204-беренеси (контрабанда) боюнча кылмыш иши козголду.