ЖЫЛНААМА, 1-ФЕВРАЛЬ: Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнөн бери 91 жыл өттү

Мындан 91 жыл мурун, 1926-жылы 1-февралда СССРдин Бүткүл союздук Борбордук аткаруу комитетинин кабыл алган токтомуна ылайык, Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы түзүлгөн. Кыргыз АССРинин негизделиши 1925-жылдын ноябрь айында өткөн Кыргыз автономиялык облусунун III сессиясынын чечимине ылайык ишке ашырылган. Сеcсияда Автономиялык союздук республиканы уюштуруу чечими чыгарылган. Токтомдо каралгандай, Кыргыз АССРи мурда белгиленген чекте, Орусиянын курамындагы федеративдик шартта куралган. Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар советинин биринчи төрагалыгына 25 жаштагы Жусуп Абдрахманов дайындалган.

1-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан