Спикер Турсунбеков Пакистандагы Кыргыз элчисине инвестицияларды тартуу керектигин айтты

31-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Бейшембиевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын азыркы абалы жана келечегине байланышкан маселелер талкууланды. Ошондой эле парламенттер аралык, айрыкча көп тараптуу (Азия парламенттер ассамблеясы) алакаларды жандантуу тууралуу баарлашышты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков эки мамлекет ортосундагы байланыштар өз деңгээлинде жүрбөй жатканын белгилеп, бул жааттагы жумуштарды тездетүү зарылчылыгына токтолду. Андан тышкары Кыргыз өлкөсүнө пакистандык инвестицияларды тартуу, өзгөчө гидроэнергетика тармагына тиешелүү долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин кошумчалады.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда төрага элчиге ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан