Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 31-январдагы отурумунда Жогорку Соттун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер тууралуу президенттин сунушу каралды.
Маалым болгондой, судьялыкка Айбек Давлетовдун, Шералы Камчыбековдун жана Кеңешбек Токтомамбетовдун талапкерлиги сунушталып жаткан. "Айбек Давлетов – юридика илимдеринин доктору, юридикалык эмгек стажы – 27 жыл, Шерали Камчыбековдун юридикалык эмгек стажы – 20 жыл, Кеңешбек Токтомамбетовдун юридикалык эмгек стажы – 31 жыл", - деп тааныштырды президенттин өкүлү.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Нурбек Алимбеков Салык кызматынын маалыматы боюнча Шералы Камчыбеков 2000-жылы бирдиктүү салык декларациясын эмне үчүн тапшырбай калганы тууралуу сурады. Талапкер 2000-жылы мамлекеттик кызматта иштебегенин айтып, бул маалыматты тактоого убада берди.
Талкуунун жыйынтыгында аталган комитет үч талапкерди парламенттин кароосуна алып чыгуу жөнүндө чечим кабыл алды.