Жалал-Абад облусунда “Өспүрүм” аталышындагы рейд жүргүзүлүп, мас абалдагы 5 окуучу кармалды

Жалал-Абад облусунда “Өспүрүм” аталышындагы рейд жүргүзүлүп, эс алуучу жайда мас абалда жүргөн окуучулар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана алардын ден соолугуна, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле өспүрүмдөр арасында чыр-чатактарды болтурбоо максатында рейд уюштурулду. Рейд учурунда эки күн аралыгында түнкү эс алуучу жайдан 10 өспүрүм бала кармалды. Алардын бешөө спирт ичимдигин ичип алганы аныкталды. Мындан сырткары ата-энелери менен бирге кайыр сурап жүргөн өспүрүмдөр да аныкталган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кармалган өспүрүмдөрдүн ата-энелери чакыртылып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү чаралар колдонулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tynara81
2017-02-01 11:09:33
Ошол мас абалындагы окуучулар мушташып, дагы бир нерсе болсо, мектеп директорун иштен алышат. Мектеп директору күзөтүп жүрөбү ар бир окуучуну. Ата- энелери клубта ичип жүргөн балдарын көзөмөлдөбөйбү. Менде да бала бар, мектептен кийинки жүрүм турумуна мугалимдерди күнөөлөбөйм.
+3
KG.Kushtarbek
2017-02-01 11:41:01
биздеда ушундай болотеле эн эле жаманы уйундогулорду чакырткан
0
baltabai
2017-02-01 12:11:42
Жаш жаш окуучуларго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан