Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага карата козголгон кылмыш иши боюнча депутаттык комиссияны түзүү керек. Мындай сунушун бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында анын фракциялашы Наталья Никитенко билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттарына кылмыш иши козголгон учурларда дайыма депутаттык комиссиялар түзүлүп келген. "Комиссияны түзүүнүн максаты - тергөөнүн жүрүшүндө саясий кысымды болтурбоо. Шайлоочулар бизге ишеним көрсөткөнү үчүн парламентте иштеп жатабыз. Комиссияны түзүү маселесин бүгүнкү күн тартибине киргизсеңиз", - деп кайрылды спикерге Никитенко.
Аны менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров макул болду. "Кылмыш иши ар бирибизге козголушу мүмкүн. Депутаттык комиссияны Аида Салянова боюнча кылмыш ишин тергөөгө аралашпай, калыс болуш үчүн түзүшүбүз керек. Комиссия баарыбызга ачык-айкындыкты берет", - деди Бакиров.
КСДП фракциясынан депутат Карамат Орозова: "Бул депутаттык комиссияны түзүүнүн зарылчылыгы барбы? Тергөөгө жолтоо болуп калбайбы?" - деген пикирин айтты.
Төрага Чыныбай Турсунбеков (КСДП) Салянованын иши боюнча депутаттык комиссияны түзүү үчүн фракциянын чечими керектигин айтты. "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев төрага сурап жаткан фракциянын чечими бар экенин билдирди.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. А.Салянова "юстиция министри болуп иштеп жатканда кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзүүдө.
Алексей Елисеев Максим Бакиевдин жакын адамы болгон.