Боинг кырсыгы: Кырсык болгон жерге кайрадан турак жайлар салынбайт

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жана өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов 31-январда Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылынын тургундары менен жолугушушту. Анын жүршүндө өкмөт өкүлдөрү айыл тургундарын түйшөлткөн суроолорго жооп беришти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Өзгөчө кырдаалдар министри мамлекет тараптан берилчү тийиштүү көмөк толук көлөмдө берилерине ишендирип, жабыркагандардын тынчсыздануусуна негиз жок экенин билдирди. Авиакырсыктан улам кыйраган турак жайлардын ордуна жаңы үйлөр курулбай тургандыгын белгиледи.

“Биз үчүн негизги милдеттердин бири Боинг-747 авиакырсыгында жабыркагандарды убактылуу турак жай менен камсыздоо болуп саналат. Калган маселелер өкмөт деңгээлинде чечилет. Учурда ӨКМ тарабынан ачылган атайы эсеп иштөөдө, анткени жабыркагандарга каражат которууну каалагандар бар. Көмөктү бөлүштүрүүдө бардык өкүлдөр, тактап айтканда, жабыркагандар, карылар, жаштар жана башкалар катышат”, - деди Кубатбек Боронов.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев ооруканадан чыгарылгандардын айрымдары өзүн жаман сезип жатканы боюнча суроого жооп берип жатып, кайрылгандардын бири дагы медициналык жардамдан четте калбай турганын белгиледи.

“Тез жардам" дарыгерлери Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынан келип түшкөн чакырыктарга тез арада, ыкчам жардам көрсөтүүнү улантып жатышат. Биз тургундардын азыркыга чейин стресс абалында экенин түшүнөбүз, ошондуктан дарыгерлер ыкчам жооп кайтарышууда. Бирок жарандар дагы түшүнүү менен мамиле кылышы керек, ооруканаларга медициналык кароого өтө муктаждар гана жаткырылат”, - деп билдирди Батыралиев.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдиргендей, бүгүнкү күндө ӨКМнын атайын эсебине 47 миллион 836 миң сомдон ашуун каражат келип түштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2017-02-01 23:59:58
Башка жакка уй салып кочуруп койушса жакшы болот авиакомпания салып берсин милдеттендилисин да биздин чондор эмне унчукпай отурушат билбейм канча адамдан ажырадык ошол учак учун...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан