Жанар Акаев: "Алайда жүздөгөн улгайган жарандарга пенсия берилбей жатат"

Алай районунун Сары-Могол, Сары-Таш айылдарында жүздөгөн улгайган жарандар пенсия албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, пенсионерлер алардын маселесин чечүү суранычы менен депутаттарга кайрылышууда. "Биз ал айылдарга барып, жергиликтүү бийликтин катышуусунда отурум өткөргөнбүз. "Пенсия берилет" деп убада бергенбиз, бирок бул маселе чечилбей жатат. Биз өкмөттөн талап кылып жатсак, өкмөт жергиликтүү бийликке шилтеп жатат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү иш бөлмөлөрүнөн чыкпайбы? Бул маселе премьер-министрдин деңгээлинде чечилиши керек", - деп нааразы болду Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан