Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду 202 миллион доллар суммасында 647 долбоорду жактырды

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду 2017-жылдын 1-февралына карата 647 долбоорду жактырды. Бул тууралуу фонддон билдиришти.

Бул долбоорлорго каралган акчанын суммасы 202 миллион доллар. Долбоорлордун көбү тамак-аш өндүрүшү, транспорт жана логистика, курулуш тармактары боюнча экени айтылат маалыматта. Ишке ашырылчу долбоорлордун көбү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Чүй облустарында.

Айта кетсек, аталган фонд 2014-жылы түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын экономикасын Евразиялык экономикалык биримдиктин шартына ыңгайлаштыруу, агрардык өнөр жай комплексинде, кийим тигүү, текстиль жана иштетүү өнөр жайында өзүн өзү актаган долбоорлорду каржылашы керек. Уставдык капиталы 500 миллион доллар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан