Кыргыз Республикасында пенсионер каза болcо, сөөгүн коюуга 15 миң сом берилет. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө бардык пенсионерлер боюнча бирдей сумма берилет. "Акча пенсионердин каза болгону тууралуу күбөлүк Социалдык фондго түшкөндөн кийин берилиши керек. Күбөлүк түшкөн учурда мекемеде акча болсо, 15 миң сом ошол күнү берилет", - деди Абжапаров.