Казакстандык балдар авиакырсыктан жабыркаган Султан менен Жакшылыкка жардамын ырчы Асел Турдалиевадан берип жиберишти

Казакстандык балдар авиакырсыктан жабыркаган Султан менен Жакшылыкка жардамын ырчы Асел Турдалиевадан берип жиберишти. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына бүгүн, 1-февралда билдирди.

Асел Турдалиеванын айтымында, ал Караганда шаарына бий ансамбли менен бирге концерт коюп барган. Кичинекей күйөрмандар Кыргыз өлкөсүндөгү авиакырсыктан ата-энеси жана бир туугандарынан айрылган Султан менен Жакшылыкка акчалай каражат чогултуп, ырчыдан берип жиберишкен.

"Кичинекей балапандай болгон балдар чөнтөгүндө болгон акчаларын чогултуп, менин берип коюшумду өтүнүшкөн. Мен ал балдардын даректерин билбегендиктен, силер аркылуу берип жиберейин дедим. Бул жакшылыкты уккан университетте билим алган чет элдик студенттер да бир аз да болсо каражат чогултуп мага беришти", - деген ырчы Асел Турдалиева чогулган жардамды SUPER.KG порталына өткөрүп, өз дарегине жеткирип коюшубузду суранды.

Эскерте кетсек, ырчы учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде иштейт. Авиакырсыктан жабыркагандар үчүн университеттин эмгек жамааты бир күндүк айлык акысын которгонун кошумчалады ал.

Жакшылык менен Султандын жакындары көрсөтүлгөн жардамга ыраазы экенин билдиришти.

"Кыргыз эли жардамын аябай берип жатат. Казак элинен да жардам келди. Ыраазыбыз. Тилекке каршы, эми каза болгондорду кайтара албайбыз", - деди Султандын чоң апасы Бурулкан Жумалиева.

Авиакырсыктан аман калган Жакшылык, Султанга казакстандык балдар жардам берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
UlukmanKalyev
2017-02-01 20:30:10
Рахмат казак боордоштор Аллах ыразы болсун☺☺☺
+14
salimbek87.kg
2017-02-01 21:34:35
Аллах разы болсун.Казак боордошторго.
+8
adimyrza
2017-02-01 22:13:32
Асел эже озунуз эле жолугуп берип койсонуз да жакшы болмок аманатты менин жеке ойум...
+7
baltabaev
2017-02-02 02:31:55
Кыргызстанга жашап туруп 120 депутаттар дешке да оозум барбай турат,ушул жаш балдардыкындай мээнер иштебейт,
+5
KG.Kushtarbek
2017-02-02 09:07:54
baltabaev, мээлери иштейт Бир нерсе болуп 1.2 жыл откондон кийин гана иштейт ошондо ошондой Калгари емеппиз дейтта
0
Bubu88
2017-02-02 11:51:56
Эмнеге көздөрүн жаап койдунар
+1
snejinka
2017-02-02 12:20:17
Bubu88 негизи ушинтип жаап бериш керек жаш баланыкын, көчөдөн же башка жактан бирөөлөр ииий баягы бала сен белең деп ар кандай суроолорду жаадырып кириши мүмкүн, психологиясы калыптана элек өспүрүм үчүн бул оор болот.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан