Аалы Карашев депутат катары ант берди

Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Аалы Карашев бүгүн, 1-февралда парламентте ант берди. Спикер Чыныбай Турсунбеков Карашевди депутаттардын атынан куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык, депутат ант бергенден кийин ишине расмий түрдө киришет.

Белгилей кетсек, Аалы Карашев парламентте Нурмахаммат Баяхуновдун бошогон ордуна келди. Баяхунов 30-январда депутаттык мандатын тапшырган.

Аалы Карашев 1968-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Жогорку билимдүү. 1991-жылы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Айыл чарба илимдеринин кандидаты. Бир катар мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген. Депутат болгонго чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан