Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков (КСДП) депутат Аида Саляновага ("Ата Мекен") карата козголгон кылмыш иши боюнча депутаттык комиссияны түзүүгө шашпоого чакырды.
"Ата Мекен" фракциясынын депутаттык комиссияны түзүү боюнча каты мага келди. Мага 2-3 күн убакыт берсеңиздер. Салянованын иши менен терең таанышып алайын. Ыңгайына жараша комиссияны түзөбүз", - деди спикер.
Депутат Алмамбет Шыкмаматов ("Ата Мекен") кийинки жумага Жогорку Кеңештин жыйынына УКМКнын жана Башкы прокуратуранын башчыларын чакыруу керектигин айтты. "Бизде көп суроолор бар. Аида Саляновага кылмыш ишин козгоого саясий себеп бар-жогун билели", - деди Шыкмаматов.
Депутат Рыскелди Момбеков (КДСП) спикерди регламентке ылайык иш алып барууга чакырды. "Фракциянын чечими сизге келиптир. Корко турган эч нерсе жок. Бул маселени добушка бере бериңиз. Депутаттык комиссияны түзүү-түзбөөнү чечип алабыз", - деп сунуштады Момбеков.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. А.Салянова "юстиция министри болуп иштеп жатканда кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзүүдө.
Алексей Елисеев Максим Бакиевдин жакын адамы болгон.