Бишкекте 2 аялды cүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 31-январь күнү саат 19:30 чамасында Бишкектеги Коммунаров көчөсүндө болгон. Анда белгисиз айдоочу Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаасы менен 2 аялды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Жабыркагандар Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилишкен.
Бул кылмышка шектүү катары 17 жаштагы Б.А. аттуу айдоочу кармалды.