“Синий кит” жана “Тихий дом” оюндарын иликтөөчү мекеме аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Бул комиссия тобуна Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жана бейөкмөт уюмдарынын кызматкерлери кирди.
Комиссия өспүрүмдөрдү суицидге түрткөн интернеттеги жарыялоолорду текшерип, чектөөлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат. Комиссия тобуна жарыяларды текшерүүнү тиешелүү чараларды кабыл алуу менен бүтүрүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле интернет-провайдерлерди зыян келтирүүчү маалыматтарды тазалоочу программа жана жабдуулар менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырылды.