Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова ("Ата Мекен") Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берүүгө келди. Бул тууралуу анын адвокаты Улан Жумаков билдирди.
Анын айтымында, Салянова УКМКнын имаратына саат 17:40та келген. Депутат УКМКга саат 16:00гө чакырылган болчу.
Эскерте кетсек, кечээ, 31-январда Аида Салянова Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынына катышканына байланыштуу УКМКга барган эмес.
2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. А.Салянова "юстиция министри болуп иштеп жатканда кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзүүдө.
Алексей Елисеев Максим Бакиевдин жакын адамы болгон.